Көк бөрүнүн 2-бөлүгү аяктады. «Ынтымак» 4 : «Сары Өзөн» 0

Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча мелдештин Жогорку Лиганын финалы өтүп жатат. Беттеш «Ынтымак» жана «Сары Өзөн» командаларынын ортосунда өтүүдө.

Учурда оюндун экинчи бөлүгү аяктады. Биринчи бөлүктө эсеп сандар боюнча «Ынтымак» алдыда болгон. 2 упайды тең Нуржан Мелисбек уулу командасына алып берген.

Экинчи бөлүк эсеп 4:0 эсеп сандар менен аяктап, «Ынтымак» дагы эле алдыда келе жатат. 2-таймда 2 жолу улакты Өмүрбек Эсен уулу казанга салды. Оюн дагы бир бөлүктөн кийин аяктайт.