Кореяда оор атлетика боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Ага Кыргызстандан 4 спортчу катышат

5-13-май күндөрү Кореяда оор атлетика боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Ахматбек Келдибеков жазды.

«Чемпиондукка 40 өлкөдөн 260тан ашуун спортчу катышууда. Арасында дүйнөлүк олимпиаданын бир нече жолку жеңүүчүлөрү да бар. Азия чемпиондугунда Кыргызстандын атынан төрт спортчубуз катышууда. Жакшы тилек, жарым ырыс дегендей батаңыздарды берип колдоп, сүрөп турушуңуздарды суранам», — деп жазды ал.