«Текебердигинин жыйынтыгын көрүп жатат». КТРКнын режиссёру Крестининди атайлап көрсөтпөгөнүн моюнуна алды

Азия кубогун түз алып берген КТРК Спорт каналы Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестининди атайылап экрандан көрсөткөн эмес. Бул кадамды Коомдук телерадио корпорациясынын режиссёру Эльдияр Айылчиев машыктыруучунун текебердигинин жыйынтыгы деп билдирген.

Журналист Кенжебек Арыкбаев «Футбол болуп жатканда президентти эле көрсөтө бербей, баш машыктыруучуну деле көрсөтүп койгулачы, маанилүү моменттерде болбосо да, кур дегенде биздикилер гол киргизгенде. Буга чейинки болгон эки оюнда ал бир да жолу кадрга илинген жок. Оюн аяктагандан кийин жалпы планда эле «эметишип» койгону болбосо деп айылдыктар аманатын айтып жатышат» деп социалдык баракчага жазып чыккан. Анын билдирүүсүнө Эльдияр Айылчиев «Мен режиссёрмун. Крестинин текебердигинен ушуну көрүп жатат» деп жооп жазды.