Кыргыз футбол союзунун президенти эмне үчүн отставкага кетти? Маеги жарыяланды

Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медер Сыдыков 29-январда кызматтан кетерин билдирди. Муну ал аткаруу комитетинин кезектеги жыйынында айтты.

Аткаруу комитети ошондой эле бардык курамдын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды. Kyrgyz Sport TV  телеканалына берген маегинде Медер Сыдыков мындай кадамга барышынын себептери тууралуу айтып берди.

— Кыргыз футбол союзунун президенттигинен кетүү эмоционалдуу чечим эмеспи?

— Жок, кеңешкен соң ушундай жыйынтыкка келдим. Мен көп жыл башкы катчы, андан кийин эки жыл президент болуп иштедим. Бизге жаңы көз караштар, жаңы идеяларды алып келе турган адамдар керек. Кыргыз футболунун келечеги үчүн өзүбүздү жаңылашыбыз керек деп ойлогом. Футболду жаңы деңгээлге көтөрүүгө жаңы дем бере турган жаңы лидерлер жана жаңы команда келиши керек.

Эмне үчүн Кыргыз курама командасы Азия Кубогунун кийинки баскычына чыга алган жок?

— Биринчиден, жаңы машыктыруучуну алдык. Ушундан кийин алдыга чоң максаттар коюлуп, алардын бири жаңы муундан жаңы команда түзүү болду. Негизги себептердин бири – муундардын алмашуусу. Экинчиден, команданын негизги оюнчуларынын турнирге чейинки жана учурундагы жаракаттары. Бул оюнчуларсыз биз кыйналдык. 

— Штефан Таркович ишин улантабы?

 — 30-июнга чейин келишими бар. Алдыда 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун 4 оюну бар. Бул оюндардын жыйынтыгын карашыбыз керек, анан чечим кабыл алат.

— Футбол сферасында каласызбы?

— Ооба, калам. Өмүрүмдүн көп жылын футболго арнадым. Оюнчудан федерациянын президентине чейин жеттим. Футболдун аркасы менен ушул деңгээлге жеттим.

— Сиздин ордуңузга кандай адам келиши керек?

— Башкаруу тажрыйбасы бар. Менеджер болуш керек. Заманбап ой жүгүртүү менен туура чечим чыгаруудан коркпош керек. Ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрү бар адам болушу керек.