Кыргызстан Борбор Азиянын чакырык кубогунда чемпион аталды (видео)

23-27-июль күндөрү Бишкекте өткөн Борбор Азиянын чакырык кубогунда Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы чемпион аталды.

Кыргызстандын волейбол федерациясынын берген маалыматына ылайык, финалдык беттеште Кыргызстан Түркмөнстанды 3:2 эсебинде жеңген.

Ал эми Казакстан менен Өзбекстан 3-орун үчүн ат салышып, 3:0 эсебинде Казакстан Өзбекстанды утуп алган.