Кыргызстан Казакстандын көк пар жана көк бөрү боюнча курамасын Чолпон-Атага чакырды

Кыргызстандын көк бөрү федерациясы Казакстандын көк пар жана көк бөрү боюнча курама командаларын Чолпон-Ата шаарында ушул жылдын 1-ноябрда өтө турган «Биримдик» кубогуна чакырды.

Кыргызстандын Көк Бөрү федерациясы «Биримдик» кубогуна арналган беттешке Казак улакчыларын чакырып, расмий кат жөнөттү.

Өзгөчө шарттар:
1. Калыстар кыргыз-казак тараптан эмес;
2. Күйөрмандарсыз, оюн түз алып берүү менен;
3. Журналист, блогерлерге оюнду чагылдырууга чектөө жок.

Федерация мындай турнирлерди тез-тез өткөрүп туруу бардык пайда болгон пикир келишпестиктерди жоюуга жана федерациялар ортосунда 8 жылдан бери жоголгон достук мамилелерди калыбына келтирүүгө жардам берет деп эсептейт.