Бүгүн, 21-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Омандын курамаларынын футболдук беттеши өтүп жатат.
1-таймда эки курама тең эсеп санын ача алышкан жок. Азырынча эсеп 0:0 боюнча. Ал эми күйөрмандар ордунан тура калып колдоп жатышат.
Бүгүнкү беттешке өлкө башчы Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев келди.