Кыргызстан менен Өзбекстандын беттеши. 1-тайм 2:2 эсеби менен аяктады

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда беттеш өтүп жатат.

Беттештин 1-бөлүгүнүн 13-мүнөтүндө Жоэл Кожо эсеп сандарды ачып, Кыргызстан курамасын алдыга чыгарды. Көп өтпөй эле Өзбекстан курамасы эсеп санды теңеди. 34-мүнөттө Кыргыз футболчусу Одилжон Абдурахманов экинчи голду киргизди. 45-мүнөттө Өзбек курамасы да экинчи голун жаратты. Ошентип, оюндун 1-бөлүгү 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.