Кыргызстанда туулган Дмитрий Бивол Дүйнө чемпиону Сауль «Канело» Альварести жеңип алды

Орусиялык боксчу, WBA версиясы боюнча профессионалдуу бокс боюнча 79 килограммга чейинки салмак ченинде Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол дүйнөнүн эң күчтүү боксчуларынын бири, төрт салмак категориясында Дүйнө чемпиону болгон мексикалык Сауль «Канело» Альварести жеңип алды.

Беттеш бүгүн, 8-майда АКШнын Лас-Вегас шаарынын T-Mobile аренасында өттү. 12 раунддун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Токмок шаарында туулган Дмитрий Бивол атаандашын калыстардын бир добуштан чечими (115-113) менен жеңип, курун сактап калды. Ал жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, бокс боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курамасына кошулган. 15 жашында Дмитрий Бивол Орусияга көчүп кеткен.

Бул беттешке чейин Сауль «Канело» Альварес салмак категориядан көз карандысыз планетанын эң мыкты боксчусу аталып келген. Ал карьерасында бир эле жолу 2013-жылы Флойд Мэйвезер-кичүүсүнө жеңилген.