Кыргызстандан 48 спортчу катышкан “Азия балдары” эл аралык спорт оюндарынын ачылышы болду (видео)

Орусиянын Владибосток шаарында “Азия балдары” VII эл аралык спорт оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандан спорттун 9 түрү боюнча 48 спортчу катышат.
Бүгүн пляж волейболу, баскетбол жана көркөм гимнастика боюнча мелдештер башталды.
Турнир 8-августка чейин уланат.