Кыргызстандык бодибилдинг жана фитнес боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңди (видео)

Кыргызстандык Ильесхон Умаралиев бодибилдинг жана фитнес боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип алды. Бул тууралуу өлкөнүн Бодибилдинг жана фитнес федерациясынан билдиришти.

Дүйнө чемпиондугу 27-30-октябрда Бишкекте өттү.

Кыргызстандык эки категорияда 1-орунду ээлеп, абсолюттук категорияда про-картага ээ болду (про-картанын ээси автоматтык түрдө профессионал деп таанылат, ошондой эле дагы ардактуу мелдештерге катышууга укук алат).