Кыргызстандык футболчунун айлыгын төлөбөй, Түркиядан депортация кылышкан

Кыргызстандын улуттук курама командасынын футболчусу Бактыгүл Токтоболотованын айлыгын төлөшпөй Түркиядан депортацияланган. Бул тууралуу ал Кыргыз Республикасынын профессионал футболчулар ассоциациясына берген маегинде билдиргенин Sport АКИpress жазды.

«Акыркы бир нече жылдан бери Түркияда ойноп келем. Өткөн жылдын сентябрь айында Түркиянын Суперлигасынын “Аташехир Беледиеспор” клубуна өттүм. Ал кезде команда сакталып калуу үчүн күрөшүп жаткан. 1 гол жана 1 пас киргизип, командага жардам бердим. Анан баары жакшы болду окшойт, команда Суперлигада калды, тапшырма аткарылды, бирок андан кийин көйгөйлөр башталды. Мага айлыгымды беришкен жок, натыйжада мени Түркиядан жөн эле депортация кылышты.

Келишим юридикалык күчкө ээ болгон эмес, мени жөн эле алдап коюшту. Мен футболду гана ойлоп, кагаздарга олуттуу мамиле кылбай койдум. Ошондуктан, эгер сиз башка чемпионатта ойной турган болсоңуз, анда сиздин өкүлүңүз, клуб менен бизнес жүргүзгөн агент болушу абдан маанилүү. Келишимге кол коюуда этият болуңуз. Бул сизди керексиз кыйынчылыктардан жана көйгөйлөрдөн сактап калат», — деди футболчу.