Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Минск шаарындагы мелдеште узундукка секирүү боюнча Светлана Майер биринчи орунду ээлеп, алтын медалга татыган. Анастасия Бондаренко 200 жана 60 метрге чуркап коло менен күмүш медаль алса, ал эми Артем Слесаренко 60 метрге чуркап, коло медалга ээ болгон.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип, коло медалды байге куржунуна салган.