Кыргызстандык көк бөрүчүлөр финалда Казакстандын улакчыларын жеңип, чемпион аталды

Кыргызстандык көк бөрүчүлөр финалда Казакстандын улакчыларын 10:4 эсеби менен жеңип, чемпион аталды. Курама командалар Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында беттешти.

Көк бөрүдөн жарым финалда Казакстан Түркияны 15:1, Кыргызстан Орусия курамасын 11:6 эсеби менен жеңип, финалга чыгышкан.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрүдөн жана көкпардан мелдештер өз-өзүнчө өткөн. Көк бөрүдөн өткөн мелдештерге алты команда, көкпардан өткөн мелдештерге тогуз команда катышууда. Жыл башында көк бөрү оюндардын программасына кирбей калган. Кийинчерээк Кыргызстан тараптын Казакстан менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана көк бөрү кайра кошулган. Кыргызстандын көк бөрү федерациясы орусиялык, түркиялык, өзбекстандык курамаларды аргымактар менен камсыз кылууда.