Кыргызстандык тоо лыжачысы Максим Гордеев Пекинде өтүп жаткан Олимпиадада бүгүн старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, биринчи аракет Бишкек убактысы боюнча 8:15те башталган. Экинчиси 11:45ке белгиленген. Эки аракетти эң ылдам өткөн адам жеңүүчү болот. Слалом боюнча эркектер арасында жалпысынан 88 спортчу катышууда. Максим Гордеев 81-номурда.