Кыргызстандык Максим Гордеев кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алды

Кыргызстандын лыжа боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Максим Гордеев Пекинде өтүүчү XXIV Кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул тууралуу Мамлекеттик спорт агенттиги билдирди.

Ал слаломдун «тоо лыжасы» дисциплинасы боюнча квотанын ээси болду, анын жыйынтыгы Эл аралык лыжа федерациясынын расмий сайтында алдыдагы оюндарга катышуучулардын тизмесинде көрсөтүлгөн.

Максим Гордеев 1995-жылы 1-ноябрда Каракол шаарында төрөлгөн. Эл аралык старттардын байге ээси жана Кыргыз Республикасынын чемпиону.