Кыргызстандык мушкер Каныбек Жаныбек уулу NFC 30 мелдешинде убактылуу чемпион болуу үчүн күч сынашат

Кыргызстандык мушкер Каныбек Жаныбек уулу Naiza Fighting Championship уюмунун NFC 30 мелдешинин алкагында казакстандык Николай Самусаев менен кез келет. Беттеш 9-апрелде Казакстандын Алматы шаарында болот.

Николай Самусаев профессионалдык карьерасында 6 беттеш өткөрүп, жеңилүү ызасын тарткан эмес. Ал эми кыргыз мушкери 14 беттешке чыгып, 11 жолу жеңип, 3 жолу жеңилген.