Кыргызстандык мушкер ONE Championship уюмунда күч сынашат

Кыргызстандык мушкер Руслан Эмилбек уулу ONE Championship уюмунда беттешке чыгат. Бул тууралуу ONE Championship уюмунун расмий Инстаграм баракчасында маалымат берилген.

Промоушендин Fists of Fury 2 мелдеши 5-мартта Сингапурда өтмөкчү. Анда ал Йошики Накахара менен кез келет.

Руслан Эмилбек уулу ММА спортунда 12 беттешке чыгып, жеңилүү ызасын тарткан эмес. Ал эми анын атаандашы Йошики Накахара 18 беттештин 13үн утуп, беш ирет жеңилүү ызасын тарткан.