Кыргызстандык Нурбек Тойчубаев паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль алды

Паратриатлон боюнча Дүйнө чемпионаты Түркиянын Алания шаарында аяктады.

Кыргызстандын Триатлон федерациясынан билдиришкендей, кыргыз спортчусу Нурбек Тойчубаев PTS4 классында жеңишке жетип, өлкөгө алтын медаль алып келди. Буга чейин спортчу Тойчубаев бир нече ирет Азия чемпиондугунун жана Дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло медалынын ээси болгон.