Кыргызстандык үй-бүлө Якутияда өткөн таяк тартыш боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынышты (видео)

Кыргызстандык спортчулар үй-бүлөсү Азамат Асанов жана анын жубайы Дилбара Иманканова Якутияда өткөн таяк тартыш боюнча дүйнөлүк чемпиондуктан алтын медаль менен келишти. Бул жагымдуу кабары тууралуу Азамат мырза СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.

«Биз келинчегим экөөбүз тең спорт менен машыгып келебиз. Жакында Якутск шаарында мас-рестлинг (таяк тартыш) боюнча дүйнө чемпиондугу болуп, 41 мамлекеттен спортчулар катышты. Кыргызстандан 14 спортчу катышып, жалпы 3 алтын, 3 күмүш, 7 коло медалды багындырдык. Кудайым буюруп, жубайым экөөбүз тең чемпиондукта алтын медаль тагындык.

Мас-рестлинг — якут элинин улуттук спорту болуп саналат. Якут жергесинде якуттардын улуттук спорт оюндарынан утуп келгенибиз биз үчүн кубаныч жана сыймык болду», — дейт Азамат Асанов.