Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызтан жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.
Кыргызстандын намысын он спортчу коргогон. Анда кыргыз балбандары 1 алтын, 1 күмүш жана 2 колого ээ болгон.
Мелдештин биринчи күнүндө, 11-апрель күнү 65 килограммга чейинки салмакта Улукбек Жолдошбеков жана 70 килограммга чейинки салмакта Алибек Осмонов 3-орунду ээлеп, коло медалга татышкан.
Жыйынтыктоочу, 12-апрель күнү Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограммга чейинки салмакта алтын утса, 125 килограммга чейинки салмакта Айаал Лазарев күмүш медалга ээ болду.
Натыйжада жалпы командалык эсепте 121 упай топтоп Кыргызстан курамасы 3-орунду ээледи. Ал эми 1-орунда 190 упайы менен Иран болсо, 130 упайы менен Япония 2-орунду алды.