Кыргызстандын курамасы Орусиянын курамасынан 1:2 эсебинде жеңилип калды

Кыргызстан менен Орусиянын улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши жыйынтыкталды. Кыргызстан 1:2 эсебинде Орусиянын курамасынан жеңилип калды.

1-бөлүк 1:1 эсеп сандары менен жыйынтыкталган. Орусиялык футболчулдардын дарбазасына биринчи голду Алимардон Шүкүров 23-мүнөттө киргизди. Ал эми Орусиянын курама командасы эсепти 29-мүнөттө пенальти менен теңдеген.

Ал эми 2-бөлүктүн 88-мүнөтүндө Орусиянын курама командасы 1 гол жаратып, алдыга чыкты. Оюн 1:2 эсебинде Орусиянын жеңиши менен аяктады.