Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курама командасы Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтынчы орунду ээледи. Үч гана спортчу катышкан команданын эсебинде эки алтын жана бир коло медаль алып келе алышты.
Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова биринчи, Айпери Медет кызы үчүнчү орунду алышты.
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда Дүйнө чемпиондугунда 11-орунду ээлеген. Грек-рим балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Бексултан Махмудов бүгүн килемге чыгышат.