Кыргызстандын самбо боюнча курамасы Дүйнө кубогунда 13 медаль жеңди

Кыргызстандын самбо боюнча Улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көлдө өткөн Дүйнө кубогунда 13 медаль (2 күмүш, 11 коло) жеңишти.

— Саяк Бараканов

— Адилет Кубаныч уулу

— Байэл Жакшылыков

— Жамалбек Асылбек уулу

— Фарух Мамажанов

— Шахрер Идирисов

— Бекболот Токтогонов

— Курманбек Замирбек уулу

— Шерзат Кудайбердиев

Мындан сырткары, кыз-келиндер арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи. Ал эми спорттук самбо боюнча Канышай Аманкулова коло медалга ээ болду.

Мелдештер 15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп, 14 мамлекеттен келген 250дөн ашык спортчу катышты.