Кыргызстандын улуттук курама командасы V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 65 медаль жеңди

8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 65 медаль (19 алтын, 21 күмүш, 25 коло) жеңишти.
Мелдеште ат чабыш, кыска аралыкка ат чабыш, тыйын эңмей, салбуурун, тогуз коргоол, овари, мангала, көк бөрү, жер улак (көк пар), татар күрөшү, аба ашыртмалы күрөшү, ордо, Алыш бел боо күрөшү, кураш, чүкө оюндары, эр эңиш, таяк тартыш, казак күрөшү, аркан тартыш жана оордуктарды көтөрүү боюнча 181 спортчу өлкө намысын коргоду.
Көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн келген, 2500 ашык спортчу 21 спорттун түрүнөн катышты.