Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 2-февралда Кытайга жөнөп кетет. Бул тууралуу журналисттерге Улуттук Олимпиада комитетинен маалымдашты.
Маалыматка караганда, спортчу жана анын машыктыруучусу Игорь Борисов ПЦР-тесттен өткөн. «Атайын тиркеме бар, ал аркылуу спортчулардын ПЦР-анализдерине акча төлөп, алардын жыйынтыгына көз салууга болот. Терс тест жетиштүү эмес, антителолордун болушу да зарыл. Биздин команданын мүчөлөрүндө антитело бар», — деди Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы.
Максим Гордеев 16-февралда тоо лыжасы боюнча мелдешке чыгат.