«Легенда». Айсулуу Тыныбекованын жеңишине Акжол Махмудов кандай реакция кылды?

Айсулуу Тыныбекова карьерасында алтынчы жолу Азия чемпиону аталды. Бишкекте өтүп жаткан турнирде ал 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, Корея, Монголия жана Япониянын спортчуларын 3 жолу жеңип, 1-орунду ээледи.

Акжол Махмудов Айсулуу Тыныбекованын япониялык Сакура Мотоки менен болгон финалдык беттешин сыналгыдан көрүп, балбанды легенда атады. 

Махмудов өзү бүгүн, 15-апрелде беттешет. Азия чемпионатында буга чейин 3 жеңишке ээ болгон.