Март айында өтүүчү көк бөрү мелдешине Казакстан менен Ооганстандан чакырылган командалар келбейт

Нооруз майрамына карата жыл сайын өтүүчү көк бөрү боюнча мелдеш быйыл көк бөрү легендалары Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган “Ачык чемпионат» деген аталыш менен уюштурулат. Бул тууралуу аталган спорттун Улуттук федерациясынан билдиришти.

Ат оюндары 13-21-март күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтмөкчү. 12-мартта чүчү кулак тартылат. Командалардын катышуу боюнча билдирүүлөрү 11-март күнү саат 17:00гө чейин Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясына тапшырылышы керек. Быйылкы мелдешке 26 команда катышары күтүлүүдө, оюндар тайпалык этаптан башталат.

Кыргызстандын Көк бөрү боюнча улуттук федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков буга чейин СЕРЕП МЕДИА агенттигине аталган мелдешке Казакстан, Ооганстандан командалар чакырылганын билдирген эле. Тилекке каршы чакырылган чет элдик командалар бул оюнга келишпейт.

«Ооганстан менен Казакстандын чакырылган командалары оюнга келбейт. Алар жетишпей калышты. Менимче аларды чакырып, өзүнчө оюн уюштурабыз» ,— деди Куватбек Аскарбеков.