Машыктыруучу: «Жуманазарова колун кокустатып алып, оюндан чыгып калды»

Дүйнө чемпиондугунда балбан кыз Мээрим Жуманазарова жаракатынан улам беттештен четтеп калган.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков маалымат берди. «Жуманазарова колун кокустатып алып, оюндан чыгып калды. Кантсе да биздин кыздарыбыз жакшы күрөш көрсөтүштү», — деди ал.