Мээрим Жуманазарова Азия чемпиондугунда коло үчүн күрөшөт

68KG - WW - Meerim ZHUMANAZAROVA (KGZ)

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн күрөшөт. Ал 11-апрелде 68 килограммга чейинки салмак ченинде беттешке чыкты.

Турнирдин алгачкы беттешинде Жуманазарова кореялык кызды жеңип, жарым финалдагы күрөштө Япониянын өкүлүнө утулуп калды. Коло медаль үчүн күрөштө Жуманазарова казакстандык спортчу менен күч сынашат.