Мээрим Жуманазарова: «Медаль албай калган спортчулар кейибегиле, Кудайдын кийинки Олимпиадага пландары бардыр»

«Бул менин эле эмес, жалпы кыргыз элимдин жеңиши. Баарыңыздарды жеңишибиз менен куттуктайм», — деди Париж Олимпиадасында коло медаль жеңген Мээрим Жуманазарова.

«Учурдан пайланып машыктыруучуларга, дарыгерлерге, федерацияга, ата-энеме ыраазычылык билдирем. Ошондой эле бизди колдогон президентке рахмат. Медаль албай калган спортчулар кейибегиле, Кудайдын кийинки Олимпиадага пландары бардыр. Баарыбыздын жолубуз ачык болсун», — деди ал.