Мээрим Жуманазарова сыйлоо аземинде көзүнө жаш алды (видео)

7-августка караган түнү Мээрим Жуманазарова жайкы Париж Олимпиадасында күмүш медаль жеңди.

Финалда кыргызстандык спортчу АКШ спортчусу Амит Элор менен кез келип, андан 3:0 эсебинде жеңилип калды. Көпкө күттүрбөй эле жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи орун алып, Кыргызстандын желеги желбиреди. 

Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде көзүнө жаш алды.