«Менин жашоомо тиешеси жок адамдар кийлигише беришчү». Айсулуу Тыныбекованын маеги жарыяланды (видео)

“Бирдиктүү күрөш дүйнөсү” эл аралык федерациясы Айсулуу Тыныбекованын маегин жарыялады. Анда кыргызстандык спортчу бөлмөсүн, машыгуучу жерин көрсөтөт.

«Мен спортто 14 жылдан бери жүрөм. 14 жыл мурункуга көз чаптыралы. Анда кыз-келиндердин күрөшүүсүнө болгон көз караш таптакыр башкача болчу. Мага тиешеси жок адамдар эле менин жашоомо кийлигише беришчү. Алар мени күрөштү таштоого чакырышчу. «Сен күрөшпөшүң керек. Бул сеники эмес» дешчү. Менин ыйлаган күндөрүм болгон. «Эч кимге тоскоолдук жаратпай элем го, мен каалаган нерсем менен алектенип жатам» дечүмүн. Дарегиме айтылган сөздөр мени кысымга ала берчү. Качан гана медаль алып, жыйынтык көрсөтө баштаганда, элдин көзү көнүп, ой-жүгүртүүcү өзгөрдү», — деди ал.