Москвада өткөн кармашып урушуу боюнча Дүйнө кубогунда майор Ринат Байшериев үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ушул жылдын 7-9-апрель күндөрү Москва шаарында “Достук кубогу-2023” кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк кубогунун этабы болуп өттү. Бул спорттук иш-чара Москвада экинчи жолу өткөрүлүп, мелдешке 21 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышкан. Ага Кыргызстандан дагы спортчулар барган. Алардын бири — ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн командири майор Ринат Байшериев.
Байшериев 95, 95+ килограмм салмак категориясында күч сынашып, 3-орунду багындырып кайтты. Ал кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк кубокко экинчи жолу катышып, анда да байгелүү орунду ээлеген.