Мунарбек Сейитбек уулунун финалга чыкканына өзбекстандык секунданттын эмоциясы (видео)

9-августка караган түнү боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.

Жарым финалдагы анын атаандашы болгариялык Хавьер Ибанес Диас болду. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңишти кыргызстандыкка беришти. Эми ал 11-августка караган түнү өзбекстандык Абдумалик Холоков менен беттешет.

Социалдык тармактарда Мунарбек Сейитбек уулунун финалга чыкканына анын секунданты болуп жаткан өзбекстандык машыктыруучунун секирип сүйүнгөн видеосу тарап жатат.