Мунарбек Сейитбек уулунун жалгыз турган видеосу тарап, көпчүлүктүн жүрөгүн оорутту (видео)

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын күмүш медалын жеңди. Финалда анын атаандашы болгон өзбекстандык мушкерден жеңилип калган. Анын машыктыруучусу Беганас Султанбаев Олимпиада оюндарына барбай калгандыктан Өзбекстандын курамасынын машыктыруучусу Акмаль Хасанов секунданттык кылган. Ал эми финалда өзбек мушкери менен кез келип калганына байланыштуу анын секунданты алмашты.

Ал эми Беганас Султанбаев өзбек секундантка ыраазычылык билдирип, Парижге барбай калганы ага оор болгонун, 1 айдай капа болуп жүргөнүн билдирди. 

Социалдык тармактарда өзбек мушкери менен кыргыз мушкери тартылган видео тарап, көпчүлүктү жүрөгүн оорутту. Анда кыргыз мушкеринин жалгыз турганын көрүүгө болот. Соцтармак колдонуучулары «Көзгө жаш алгандар, мен силер менен», «Мунарбек жалгыз эмессиң», «Тасма тартчудай эле болду», «Эмнеге мен ыйлап жатам?» деген пикирлерди жазышууда.