«Мурас Юнайтед» клубунун окуу-машыгуу базасы ачылды

Кечээ, 22-октябрда Чүй облусунун Орок айылында «Мурас Юнайтед» футбол клубунун окуу-машыгуу базасынын салтанаттуу ачылыш аземи орун алды. Аземге президент Садыр Жапаров, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа катышышты.

3,5 гектар аянтта жайгашкан жаңы база футбол боюнча командаларын даярдоого ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Ал бардык эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфратүзүмдү камтыйт. Базанын негизги объектиси – бул жалпы аянты 10 356 чарчы метр болгон мейманкана комплекси менен 6 кабаттуу имарат. Анда командалар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, СПА-зонасы, ашкана, фитнес-залы, офис жайлар, мейманкана, тактикалык класстар, эс алуу зоналары, ошондой эле иш-чараларды өткөрүү үчүн ресторан каралган. Базанын спорттук комплексинин аймагында жасалма чөп менен капталган эки кичи футбол талаалары жана 420 орундуу трибуналардан турган негизги гибриддик футбол талаасы да бар. Ал эми аба-таяныч курулмасы менен жабык футбол талаасы да комплекстин аймагында орун алган.

Өлкө башчысы өз сөзүндө улуттук кураманын ийгиликтерин белгилеп, буга чейин эки жолу: 2019-жылы жана 2021-жылы Азия континентиндеги эң абройлуу футбол турниринде — Азия кубогу мелдешине катышканын айтып өтүп, сыймыктануу менен футбол жаатындагы аракеттердин негизинде 2027-жылы Сауд Арабияда өтө турган кийинки Азия кубогуна жолдомо утуп алганын белгиледи. Мындан сырткары, улуттук курама команда 2026-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү тандоо раундуна катышып, күчтүү атаандаштар менен беттешип, татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүп келгенин кошумчалады. «Бул эки объектиде тең бардык футболчулар үчүн жооптуу мелдештерге жана беттештерге толук жана натыйжалуу даярдана турган бардык шарттар түзүү максаты коюлган. Анын ичинде футбол оюн талаалары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, спорттук комплекс, мейманкана комплекси, кафетерий жана башка шарттар каралган», — деди Садыр Жапаров.