Мурдагы депутат Шайлообек Атазов муай-тай боюнча турнирге катышып жатат (видео, сүрөт)

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Бангкокто өтүп жаткан муай-тай боюнча турнирге катышууда. Бул тууралуу IBF Muaythai сайтында маалымдалды.

Анын оор салмактагы атаандашы Таиланддын өкүлү Чиангкван Паномтед болмокчу.

Алардын беттеши 29-августта Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө болот. Катышуучулар IBF Muaythai версиясы боюнча “Муай Тай боюнча Дүйнөлүк Чемпиондук кур” үчүн ат салышат.