Бабановдун күлүктөрү Ноорузда өткөн ат чабышта биринчи келди (видео)

Кечээ, 21-мартта Нооруз майрамына карата Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өткөн ат чабыш оюндарында саясатчы, мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун күлүктөрү байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Бабанов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Менин «Императрица» жана «Империя» деген жорголорум Чолпон-Атада өткөн жорго, кунан салышта биринчи жана экинчи орундарды ээлешти! Мени өзгөчө шыктандырганы бул аттар менин атканамда туулуп-өскөн!» — деп жазды ал.

Бирок Бабановдун күлүктөрү жеңишке жетишкен ат чабыш оюндары Аргымак улуттук ат оюндар федерациясы тарабынан расмий эмес деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлгөн.

Ал эми ошол эле күнү, ошол эле ат майданында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги расмий түрдө улуттук ат оюндарын уюштурду. Анда ат чабыш оюндары, көк бөрү, салбуруун жана эр эңиш улуттук оюндарынын түрлөрү арасында таймаш болду.