Нурдин Букуевге Гиннесстин рекорддор китебинин сертификаты тапшырылды

Кечээ, 21-ноябрда Кыргызстан-Оман беттешинин алдында футзал боюнча ФИФАнын экс-рефери Нурдин Букуевге Гиннесстин рекорддор китебинин сертификаты расмий тапшырылды.

Сертификатты КФСнын президенти Медербек Сыдыков тапшырды.

ФИФАнын экс-рефери Нурдин Букуев Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Ал калыстык кылган Дүйнөлүк чемпиондуктардын саны боюнча абсолюттук дүйнөлүк рекорддун ээси. Букуев калыстык кылган 4 Дүйнөлүк чемпиондук бар — Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021.

Букуевдин ФИФА калысы катары акыркы беттеши Литвада өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттеши болгон. Анда Аргентина менен Португалия курама командалары беттешкен.

Ал карьерасын 1996-жылы баштап, 2006-жылы эл аралык калыс (ФИФА) болгон. Букуев 2013-жылы Азиянын мыкты калысы, ошондой эле 2012, 2019 жана 2021-жылдары Кыргызстандын футзал боюнча мыкты калысы деп табылган. 2021-жылы Букуев КФСнын башкы катчысы кызматын ээлеген.