Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Тегеран шаарында өткөн Азия чемпиондугунун эки жолку чемпиону аталды. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Нурсултан Кеңешбеков 1500 метр (3:49:10) жана 3000 метр (8:08:85) аралыкка чуркап 1-орунду ээлеген. Ошондой эле Айнуска Калил кызы 1500 метр (4:35:29) аралыкка чуркап күмүш медалга ээ болсо, 3000 метр аралыкты 9:27:18 секунду убакытта чуркап өтүп 3-орунду ээледи.

17-февраль күнү башталган Тегеран шаарындагы (Иран) Азия чемпионаты бүгүн, 20-февралда жыйынтыкталат. Курама команда башкы машыктыруучу Татьяна Борисованын жетекчилиги алдында мелдешке катышты.