Олимпиада-2024: Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн беттешет.
Спортчу 125 килограммга чейинки салмакта катышууда. 1/8 финалдан Ирандык балбандан утулуп калган.
Көңүл жубатуучу беттеште канадалык Амарвир Десини 5:0 эсебинде утуп, 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло медаль үчүн беттеште түркиялык Таха Акгүл менен күч сынашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:15 те башталат.