Олимпиада: Айаал Лазарев спорттук карьерасын жыйынтыктады (видео)

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев спорттук карьерасын жыйынтыктады. Ал Олимпиадада коло медаль үчүн беттешип, жеңилип калган соң, спорттук бут кийимин чечти.

Ошондой эле, бул беттеште аны жеңип алган түркиялык балбан Таха Акгүл да спорттук карьерасын жыйынтыктап жатканын билдирип, спорттук бут кийимин чечти.