Олимпиада: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.
Спортчу 76 килограммга чейинки салмак категориясында катышууда. Биринчи беттешинде кытайлык балбан Вэнь Юань менен кездешип 5:3 эсебинде женип, 1/4 финалга чыкты. Чейрек финалда индиялык Ретика Ретиканы 1:1 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды.