Кыргызстандык Амантур Исмаилов Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн беттеште атаандашынан жеңилип калды.
Ал 7-августта грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып баштаган.
Кыргызстандык 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда грузиялык Рамаз Зоидзе менен беттешип, 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен. Исмаилов чейрек финалда украиналык Парвиз Насибов менен кез келди. Парвиз Насибов Исмаиловду 7:6 эсебинде жеңип алган. Насибов жарым финалда азербайжандык спортчуну жеңип, финалга чыгып, Амантур Исмаиловго жубатуучу беттешке катышууга мүмкүнчүлүк берген. Жубатуучу беттеште сербиялык каршылашын мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.
Коло медалга болгон беттеште азербайжандык спортчу менен кез келип, Исмаилов жеңилип калды.