Кыргызстандык Амантур Исмаилов Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Ал 7-августта грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып баштаган. Кыргызстандык 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда грузиялык Рамаз Зоидзе менен беттешип, 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен.
Исмаилов чейрек финалда украиналык Парвиз Насибов менен кез келди. Парвиз Насибов Исмаиловду 7:6 эсебинде жеңип алды.
Насибов жарым финалда азербайжандык спортчуну жеңип, финалга чыкты.