Кыргызстандык Бекзат Алмаз уулу Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында чейрек финалда утулуп калды.
Ал эркин күрөш боюнча турнирге 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган.
Кыргызстандык биринчи беттеште казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда америкалык Спенсер Ричард Ли менен кез келди. Алмаз уулу 2:12 эсебинде утулуп калды.
Америкалык спортчу финалга чыкса, Алмаз уулу 9-августта коло үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алат.