Олимпиада: Франциянын жөө күлүгү 9 жыл сүйлөшкөн жигитинин колун сурады (видео)

Франциялык 33 жаштагы спортчу Элис Фино 3000 метр аралыкка тоскоолдуктар менен чуркап өткөндөн кийин сүйгөнүнүн колун сурады. Бул тууралуу RMC Sport билдирди.

Турнир алдында Фино өзүнө шарт койгон: эгер ал 9 мүнөттөн тез чуркаса, жигитине үйлөнүү сунушун киргизмек. Француз кыз 8:58,67 эсеби менен төртүнчү болуп, 2008-жылдан бери келе жаткан Европанын рекордун жаңылады. 

Спортчу кыздын айтымында, 9 саны бактылуу сан. Анын үстүнө жигити экөө да 9 жылдан бери сүйлөшүп келишкен. Финалдан соң дароо трибуна жакка чуркап барып, жигитине үйлөнүү сунушун киргизген. Ал өз макулдугун берди.