Олимпиада: Сардана Трофимовага 500 миң сомдук сертификат жана унаа тапшырылды

Бүгүн, 20-августта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Париж шаарында жайкы Олимп оюндарынынын катышуучусу, жеңил атлетика боюнча спортчу Сардана Трофимовага 500 миң сомдук сертификат жана Chevrolet Tracker унаасынын ачкычын тапшырды.

Сардана Трофимова колдоо көрсөткөн өлкө жетекчилигине жана министрге ыраазычылык билдирип, алынган белектер мындан ары дагы бийктиктерди багындырганга шык берерин айтты.

Мындан сырткары, иш-чарага катышкан Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов өлкө жетекчилигинин көрсөткөн колдоосуна ыразычылык билдирип, азыркы учурда республикада спортту өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн айтты.

Эске салсак, 13-август күнү Олимпиада оюндарынын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өткөн. Сардана Трофимова иш-чарага жүйөлүү себептер менен катыша албай калган.