Олимпиадага катышкан спортчуларга кандай унаалар берилди? (сүрөт)

Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучуларына, байге ээлерине акчалай сыйлыктар жана ар бирине унаа берилди.

Сыйлык тапшыруу аземи 13-августта Эски аянтта өттү. Кыргызстандын курама командасына 16 спортчу кирсе, анын ичинен 6 спортчу — 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту.

Спортчуларга 2 «Kia EV 9», 4 «Kia ​​EV 6» жана 10 «Chevrolet Tracker» унаалары тапшырылды.